www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоо-2021: Дагы 3 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) бир мандаттуу округ боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө дагы үч арыз түштү. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы, 25-ноябрда билдирди.

Боршайком 24-ноябрдагы жыйынында талаперлер Талантбек Борочоров (№33 Нарын шайлоо округу), Шаршенбек Абдыкеримов (№33 Нарын шайлоо округу) жана Атыркүл Ибраимованын (№23 Москва шайлоо округу) арызын карады.

Шайлоо өнөктүгү башталган 29-октябрдан бери 36 бир мандаттуу шайлоо округдарынан 30дан ашуун талапкер шайлоого катышуудан баш тартты. БШК бюллетень басылып чыгарылганга чейин шайлоодон четтеген 15 талапкердин күрөөгө койгон 100 миң сомун кайтарып берет.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Анда аралаш система менен парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет.

Бир мандаттуу округдан катталган 321 талапкерден учурда 290дойу калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости