www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто кичи автобустарга болгон тариф көтөрүлдү

Бүгүн, 25-ноябрда Ош шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы өтүп, анда кичиавтобустарга болгон тарифти көтөрүү маселеси каралды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кезексиз сессияга мэр Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков жана депутаттар катышты.

Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев бүгүнкү күндө күйүүчү май, автоунаа тетиктеринин кымбаттаганына байланыштуу көпчүлүк айдоочулар линияга чыгуудан баш тартышканын, ага ылайык жол акысын жогорулатуу зарылчылыгы жаралганын билдирди.

Шаардык кеңештин депутаттары кичи автобустардын техникалык абалын жакшыртуу, каттамын көбөйтүү, кечки убакытта да каттоосун камсыз кылуу сыяктуу маселелерди көтөрүштү.

Жыйынтыгында эл өкүлдөрүнүн добуш берүүсү менен кичи автобустарга болгон төлөм күндүзү 15 сомго, кечки саат 19:00дөн 21:00гө чейин 20 сомго көтөрүлдү. Ал эми окуучулар үчүн жол кире жогорулаган жок.

Белгиленгендей, жаңы тариф 1-декабрдан тарта иштеп баштайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости