www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 3-мартта, Бишкектин Борбордук Ала-Тоо аянтында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкөнүн мамлекеттик туусунун 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, салтанаттуу иш-чара КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, туу Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Туунун ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри туунун энинин бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы - бештен үчкө барабар. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымына барабар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости