www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ак-Кеме” отелинде эч кандай басып алуу болгон жок. Бул туурасында 5news.kg ге мамлекеттик мүлк фондусунун өкүлү билдирди. Айтымында аларда “Ак-Кеме” мейманканасын мамлекеттик менчикке өткөрүү боюнча өкмөттүн чечими бар.

 «Бул чечимге ылайык, маммүлк фондусу өз ыйгарым укуктарынын негизинде мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө буйрук кабыл алган. Бугүнкү күндө аталган имарат мамлекеттики болуп саналат. Кожоюнга февралдан бери эскертип келгенбиз. Өкмөт токтом кабыл алганда баардык юридикалык жана жеке жактар аны аткарууга милдеттүү деген өкмөттүн эрежеси бар.

Ооба, азыр бул чечим боюнча сот болууда. Эгер сот  маселени биз тарапка чечип берсе, анда “Ак-Кеме” отелинин администрациясы мамлекетке 500 млн. сом төлөп бериши керек болот”, - деп билдирди маммүлк фондусунун өкүлү 5news.kg маалымат порталына.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости