www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
11-майдан тарта бардык мамлекеттик органдар президенттин администрациясы менен электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу иштеше баштайт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Учурда аппараттын кызматкерлери окуудан өтүп жатат.
Система 2021-жылы ноябрда киргизилген, бирок президенттик администрациянын сунушу менен кайрадан иштелип чыгып, 2022-жылы 15-апрелде жаңы интерфейс жана фильтрлер менен толукталган.
Министрликтин маалыматына караганда, президенттик администрация мекеменин бөлүмдөрү жана 37 мамлекеттик орган менен система аркылуу түз кат алыша алат. Ошондой эле жыл башынан бери аппараттын санариптик өнүктүрүү бөлүмү тармактык мамлекеттик органдар менен кагазы жок документ жүгүртүүгө өткөн.
Министрлик система иш кагаздарын натыйжалуу бүткөрүүгө, документтерди бир жерде сактоого, кызматкерлердин жумушунун жемиштүү болушуна жардам бере турганын белгиледи.
Электрондук документ жүгүртүү системасын 62,6 миң кызматкер колдонууда, анын 25 миңи дайыма колдонгондор. Система мамлекеттик органдарга киргизилгенден бери 3,5 миллиондой документ катталган.
Булак: NazarNews.kg