www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«New York Times» гезити жогорку даражалуу америкалык аткаминерлерге таянып, Вашингтон Киевге орус офицерлеринин өлүмүнө алып келген чалгын маалыматын берген, ал эми алардын саны такталбаганын, ал эми АКШ «эң жогорку даражалуу» офицерлер тууралуу маалыматтардын берилишине каршы экени айтылат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Басылма булактарын ачыкка чыгарбастан, АКШ Украинага согуш талаасындагы окуялар тууралуу маалыматты «реалдуу убакыт режиминде» тымызын өткөрүп жатканын жазат.
Бул маалыматка башка нерселер менен катар орусиялык аскерлердин Украинадагы атайын операциясынын экинчи фазасы жарыялангандан кийин кыймылынын деталдары камтылган, деп жазат New York Times.
«Америка Кошмо Штаттары тез-тез кыймылдап турган орус армиясынын мобилдик штабынын жайгашкан жери жана башка деталдарын берүүгө күч-аракетин жумшады. Украин расмийлери бул маалыматтарды өздөрүнүн чалгындоо маалыматы менен, анын ичинде кармалган билдирүүлөр менен артиллериялык аткылоо жана башка аракеттерди жүргүзүү үчүн бириктиришти. Кол салуулардын натыйжасында орус офицерлери набыт болушкан», - деп жазат гезит.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg