www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдөгү гүлдөп жаткан коррупцияны ким токтотот? Мындай көйгөйлүү маселени 25 жылдан бери айтылып, ар бир шайлоо программаларга кирип бирок аткарылбай келе жатат. Качан гана президенттин эрки жетип, прокуратура жана сотторду көзөмөлгө алып,  мыйзам үстөмдүгүн көзөмөл кылып, ишти улам – улам текшерип турбаса мыйзам чегинен чыгып баратат. Тилекке каршы кайда барсаң «Мамайдын көрү», көзөмөл кылчу прокуратура өздөрү коррупциянын ана башы болуп, карапайым элди эзип, мүлкүн тартып алгандарга көмөкчү болуп жатса, эмне кылабыз? Таптакыр таянар мыйзам жок, сөзүбүз кыска болуп, боздоп кала беребизби дешет жабыр тарткандар.

Жакында Баткен областын Кара Бак айыл тургуну Мамытов Асылбек жеке өзүнүн жери үчүн күрөшүп, акыйкат издеп барбаган жери калбады. Эми минтип акыйкат издейсиң деп, Баткен обласынын прокуратурасы  мыйзамду жол менен чечмп бергендин ордуна куугунтукка алып олтурат.

Себеби, Асылбек Мамытов  мамлекеттик архиви Ахмедов Закир, Баткен мамлекеттик реестры Сүйүнов Кочкор, Кара Бак айыл өкмөтүн Темиров Закир мыйзамсыз иш кылып жаткан иштерин далилдеп, фактылар менен прокуратурага кайрылган эле. Прокуратура көзөмөл кылбай кайра көмөк көргөзгөндүн ордуна Мамытов Асылбекти куугунтукка алып, мыйзамду жерин тартып алгандын алдында турат. Көрсө айыл өкмөттөгү айыл чарба жерлерди өз билемдик салып, мыйзамсыз  трансфармация кылышып менчикке сатып жиберген фактылар ачыкка чыга баштады.

Ошондой эле бирөөлөрдүн менчик жерлерин мамлекеттик архиви Ахмедов Закир, Баткен мамлекеттик реестры Сүйүнов Кочкор, Кара Бак айыл өкмөтүн Темиров Закир аркылуу жалган документтерди жасашып, жалган мөөр коюшуп жерлерди сатып жатканын Баткен УКМКын кызматкерлери таап чыгышкан.

Бирок УКМКын кадамдарын прокуратура тушап коюп турушат, качан үрөй учурган фактылар ачыкка чыгарын күтүп турабыз. Бул уюшкан топ жөнүндө көп жолу макала жазылып чыккан эле, ал эмес башкы прокуратурага дагы малымат берилген.  Мындай ири көз боёмочулукка жол берген прокуратураны албетте текшерип юридикалык баа берилиши зарыл. Жабыр тарткандар сот аркалуу дагы акыйкатка жетпей, кызыл китеби менен жерин тартырып, жер тепкилеп кур жалак калган оңдоп саналат.

Эми прокуратура Мамытов Асылбекке куугунтук уюштуруп мыйзамду жерин тартып алгандын алдында турат. Мамытов Асылбек жана жабыр тарткан жарандардын арызын карабай же соттук териштирүүдө прокуратура басымдуу болушуп, акыйкатка жетпей келишет. Мындай ашмалтайга ким чекит коё алат? Эми Мамытов Асылбек акыйкат издеп  Ала Тоо аянтка келип өрттөнуп берем дейт.

Качкынбек БУЛАТОВ, укук коргоочу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости