www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 30-декабрда, Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары күн тартибинде турган актуалдуу маселелер жана өлкөлөр ортосундагы мындан аркы кызматташуу кадамдарын талкуулашты.
Талант Мамытов коронавирус инфекциясы пандемиясы менен күрөшүүдө Кыргыз Республикасына көрсөткөн колдоосу жана гуманитардык жардамы үчүн Шавкат Мирзиёевге ыраазычылыгын билдирди.
Ошондой эле президенттин милдетин аткаруучу Кыргызстандын Өзбекстан менен саясий кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө бекем ниеттенгенине ишендирди.
Баарлашуу соңунда президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Шавкат Мирзиёевди жана жалпы Өзбекстан элин келе жаткан Жаңы 2021-жыл менен куттуктап, кыргыз тараптын Өзбекстан Республикасы менен эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө даяр экенин баса белгиледи.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg