www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Манас” аба майданынын басма сөз кызматкери Алия Курбанова 11-сентябрдагы жүргүнчүлөрдүн тыгынына байланыштуу түшүндүрмө берди. Курбанованын айтымында, 11-сентябрь күнү “Манас” аба майданына беш мүнөттүк аралыктан төрт учак бир маалда конуп, чек арачылар миңдей адамды тейлеген. Мунун натыйжасында жүргүнчүлөрдүн тыгыны пайда болгон.

Түшүндүрмөдө “Манас” аэропорту көп сандагы жүргүнчүлөрдү бир маалда тейлөө үчүн имарат тар болуп жатканы белгиленип, учурда аба майданын кеңейтүү иштери жүрүп жатканы кабарланат. 11-сентябрда социалдык тармактарда “Манас” аэропортунда тыгылып турган жүргүнчүлөрдүн сүрөтү тарап, пандемия маалында санитардык эрежелер сакталбай жатканы сынга алынган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости