www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Манас” аэропортунан текшерүү учурунда сумкасынан патрон табылган кызга сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттун чечиминде айтылат.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 21-октябрында Т.А. “Манас” аэропортунда өзгөчө көзөмөлгө алынган. Бул күнү кыз Ош шаарына учуп кетиши керек болчу. Текшерүү учурунда анын сумкасынан патрон табылган.

Адистердин айтымында, патрон мылтык атуучу куралдардын жана снайпер мылтыктарында колдонулат.

Айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алган. Анын айтымында, ал мейманканалардын биринин кабылдамасында иштеген. Ошол жерден бир жигит менен таанышкан. Жигит аңчылык кылып жүрөм деп мактанып, эстелик катары ага патронду белекке берген. Кыз белекти сумкасына салып коюп, ошол бойдон унутуп койгон.

Сот кызды КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренеси (“Курал, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү”) менен күнөөлүү деп таап, 3 жылга эркинен ажыраткан.

Ага мунапыс колдонулуп, ал дайындалган жазадан бошотулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости