www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Манасчы Дөөлөт Сыдыковдун “Манас” айтуу рекордун каттоого 3-4 ай кетет. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Элнура Кулуева билдирди.

Буга чейин Манасчы 14 саат 27 мүнөт 51 секундда эпосту тынымсыз айтып рекорд койгон. Кулуева бул алдын-ала жазуу болгонун, бирок аны Гиннесстин рекорддор китебине катташ үчүн татаал процедурадан өтүү керектигин тактады.

“Биз азыр иш-чара жөнүндө даректүү тасма даярдап, эксперттердин комментарийлерин чогултуп жатабыз. Андан кийин тасманы англис тилине которуп, комиссиянын кароосуна жиберишибиз керек. Эгерде биз Гиннес өкүлүн дароо Кыргызстанга чакырсак, чечим тезирээк кабыл алынмак, бирок ал абдан кымбатка турмак. Ошентип, видео материалды комиссиянын кароосуна жөнөтүү чечими кабыл алынды. Расмий жыйынтыкты 3-4 айдан кийин алабыз” – деди Кулуева.

Эскерте кетсек, 12-ноябрда манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 саат 27 мүнөт “Манас” эпосун үзгүлтүксүз айтып берген. Алгач Сыдыков Гиннесстин рекорддор китебине кирүү үчүн 10 сааттык айтууну пландаштырган. Бул убакыт аралыгында Манасчы бир ууртам суу ичкен жок жана дааратканага барган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости