www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Карабахтагы согуштук аймакка жакын жайгашкан армиянын көзөмөлүнө алынган Физули жана Жебраил шаарларында болду. 

"16-ноябрда Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев жана биринчи айым Мехрибан Алиева оккупациядан бошотулган Физули жана Жебраил аймактарына, анын ичинде Физули жана Жебраил шаарларына барышты", - деп Алиевдин басма сөз кызматы маалымдаган. 

Мындай маалымат көпчүлүккө тарагандан кийин Алиевдин жубайы өзүнүн Инстаграмм баракчасында жолдошу менен бирге бошотулган шаарларды кыдырып жүргөнүн жарыялаган. 

Эске салсак, Россия, Азербайжан жана Армения лидерлери Владимир Путин, Ильхам Алиев жана Никол Пашинян Тоолуу Карабахта 10-ноябрдан тарта согуш аракеттерин толугу менен токтотуу боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшкан. Билдирүүгө ылайык, Армения менен Азербайжан ээлеген позицияларында токтойт, андан кийин бир катар региондор Бакунун көзөмөлүнө өтөт, тараптар туткундарды алмашышат, орусиялык тынчтык күчтөрү байланыш линиясы жана Карабакты Армения менен байланыштырган Лачин коридору жайгаштырылышмак. 

Пашинян келишимге кол коюу чечими ал үчүн өтө оор болгонун билдирди. Анын сөзү боюнча, эгерде документке кол коюлбаса, анда Армениянын абалы андан бетер жаман болмок. Алиев арызга кол коюуну Армениянын багынып берүүсү деп атады. Анын айтымында, келишим Азербайжан үчүн эң пайдалуу, аскерий баскычы аяктады жана саясий маселелерге өтүүгө болот. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости