www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ашына Өзбекстандын биз менен чек арасынын узундугу 1378 чакырым, азырынча толугу менен такталып бүтө элек. Коронавирус дарты биз сыяктуу Өзбекстанды да аралап жүрөт. Авторитардык бийлик өкүм сүргөндүктөн атайын видео тартышкан. Коронавирус убагында бизге окшоп таскакташпай, 34 миллион калкы бар Өзбекстандын айыл-шаарларында жан киши көрүнбөйт. Булардын ичинде канчоосу жакырчылыктын чегинде жашап жатканын ким билет. Арийне, өзбек бийлиги бизге медициналык жактан гуманитардык жардам көрсөтүштү. Андан тышкары буудай жана башка азык-түлүктөрдү беришти.
Израилдин президенти Реувен Ривлин армян кесиптеши менен сүйлөшкөндө Ереванга гуманитардык жардам сунуш кылган. Ал эки өлкөнүн кызматташтыгы эч бир тарапка каршы багытталбагандыгына ишендирип жана Израиль Армения менен мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин айткан.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Израилдин Ереванга гуманитардык жардам жөнөтүү сунушун кескин кабыл алды. Бул тууралуу ал The Jerusalem Post гезитине берген маегинде билдирди. Кыргызстан Армения беле гумжардамдан баш тарткан, ким эмне берсе ала беребиз.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg