www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Би-би-синин кыргыз кызматы менен болгон маегинде коомчулуктун учурдагы актуалдуу суроолоруна жооп берди.

Журналист президентке "Бишкектеги "Манас айылын" реконструкциялоо боюнча долбоорго сынак жарыялоонун зарылдыгы бар беле? Мурунку жетекчи убагында сынак болгонун билдирди. "Манас айылынын" аянты кыскарып кеткенин дагы соцтармакта жазган эле", - деген суроо узаткан.

"Мурдагы долбоору менен курулушту баштайлы деп жатсак, манасчылар "көп болсо бир ай убакыт кетет, балким мындан да жакшы долбоор сунуштагандар болуп калабы" дешип, кайра дагы бир жолу сынак жарыялайлы деген сунушун бериптир. Макул дедик. Аянты болсо кыскарбастан, тескерисинче, жанынан сегиз гектар жер кошулуп кеңейтилип жатат", - деди президент.

Эскерте кетсек, буга чейин президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары Нуртазин Жетыбаев Бишкектеги "Манас айылы" маданий-этнографиялык комплексин реконструкциялоонун долбооруна ачык сынак жарыяланганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости