www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Камбар-Ата-1» ГЭСин эле курбай келечекте дагы көп ГЭСтерди курушубуз керек», - деди бүгүн, 9-июнда NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев.
- Марлен Абдрахманович, «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушу энергетика кризисинен сактап, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошобу?
- Албетте, биз «Камбар-Ата-1» ГЭСин эле курбай келечекте дагы көп ГЭСтерди курушубуз керек. Анткени, Кудай берген сууну азыркыдай 10%ын эле эмес, 100% толук колдонушубуз керек. Нефть, газ жок болсо да ГЭСтерди куруп, электр энергиясын көбүрөөк өндүрүшүбүз керек. Электр энергиясын сыртка сатып, ошону менен байысак болот, мисалы элге 70 тыйындан Кытайга 8 сомдон сатсак болот.
Эске салсак, «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушуна даярдык көрүүгө бүгүн президент старт берди. «Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу» долбоору Камбар-Ата ГЭС каскадынын курамындагы эң ири энергетикалык объект болуп саналат.
Ал өзүнө бийиктиги 256 метр аска таш менен төшөлгөн, сыйымдуулугу 5,4 миллиард метр куб суу сактагычы бар ГЭСти курууну камтыйт. Курулуштун мөөнөтү 8 жылдан 10 жылга чейин деп белгиленүүдө.
ГЭСтин биринчи гидроагрегатын ишке киргизүү туруктуу каржылоо болгон шартта төрт жылда ишке ашмакчы.
Булак: NazarNews.kg