www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Азыр Фергана өрөөнүнө сырткы күчтөр от жагып жатышат, кайсы өлкө этият болбосо, ошол элди да, жерди да, өрт каптайт», - деди бүгүн, 12-майда NazarNews маалымат агенттигине журналист Манас Осмон.
- Тажиктер чек аранын айрым жерлерин 1924-27-жылкы карта менен аныктайбыз дегенден бери кыргыздар Жерге-Тал менен Мургабды кайрып алуу мүмкүнчүлүгү жаралды деп кубанып жатышат. Бул нерсе ишке аша турган ишпи же жөн эле сөзбү?
- Мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков да, ушул маселени козгоп жатат. Бул абсурд маселе. Бир дипломат кошуналар арасында кайраштыруучу болбошу керек. Менимче, Жерге-Тал, Мургаб райондорунун статусу эч качан өзгөрбөйт. Ал райондорду алуу биз үчүн кыял бойдон калат. Биринчиден, Мургаб районун Ворух анклабына алмашуу маселеси өзү туңгуюктагы иш. Азыр Фергана өрөөнүнө сырткы күчтөр от жагып жатышат. Кайсы өлкө этият болбосо, ошол элди да, жерди да, өрт каптайт. Андыктан, жаңжалдын эшигинде турган өлкөлөр, айрыкча, дипломаттар этиятташы керек!
Булак: NazarNews.kg