www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Былтыр өкмөт коронавируска кабылган медкызматкерлерге 200 миң сом өлчөмүндө кенемте төлөө боюнча токтом чыгарганда ооруга кабылган медиктердин саны ушунчалык көп болорун билген эмес. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Бейшеналиев министр болуп келгенде 1 миң 137 медикке кенемте төлөнүп берилгенин айтат.

«Дагы 217 медкызматкер кенемте алат. Калган 988 медиктин документи райондук комиссияга жиберилген. Анткени үстүбүздөгү жылдын 11-январында буйрук чыгаргам. Ага ылайык, райондордо атайын комиссия түзүлүп, документтерди карашат. 1-январдан тарта ооруга кабылган медициналык кызматкерлерге 75 миң сомдон кенемте төлөнө баштаган», - дейт ал.

Министр «кызыл зонада» иштеп жаткан дарыгерлер күнүнө 3 миң сом, медайымдар 2,5 миң сом, санитарлар 2,2 миң сомдон алып жатканын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости