www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган 136 турак үй ушул жылдын сентябрь айына чейин курулуп бүтүүсү керек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.
Анын айтымында, облус боюнча 220 объект талкаланган. Анын ичинен 136 турак үй, 84 объект жабыркаган.
--"Жардам берем деген курулуш компаниялар бардык шарты бар турак үй салып берүүнү билдиришкен. Алар салына турган үйлөрдүн аянты 100 чарчы метрден кем болбошу керектигин айтып жатышат. Учурда ал үйлөрдүн курулушу боюнча башкы план иштелип жатат", - дейт ал.
Булак: NazarNews.kg