www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги эркин журналист Манас Осмонду кепке тартып, Өмүрбек Суваналиевдин билдирүүсү боюнча пикир алыштык.

- Манас мырза, Өмүрбек Суваналиевдин "криминалдар партиялар аркылуу адамдарын бийликке алып келүүгө аракет кылып жатат" - дегени чындыкка дал келеби?

- Кечээ эле коопсуздук кеңешинин орун басары болуп отурган киши ушул сөзүн эмнеге ошондо айткан жок? Бул да болсо, Суваналиевдин туура эмес саясатчы экендигин көрсөтөт. Коопсуздук кеңешинде отуруп, ушул айткандарын көрүп билип отурса, өлкө жетекчилигине кат аркылуу кайрылбаса, коомчулукка коңгуроо какпаса, бул кишинин жоопкерчилиги сөзсүз каралышы керек! Эми, Кыргызстандын абалы 30 жылдан бери белгилүү. Өткөн ар бир шайлоодо криминалдарга бийликтер, саясатчылар муктаж болуп келген. Ошон үчүн каралардын ар кайсы партиядан көрүнө калганы коомчулук үчүн нормалдуу көрүнүш болуп баратпайбы.

- Өмүрбек Суваналиев бийликчил партиялардын баарын Камчы Көлбаев башкарат дебедиби. Чын эле ушундай абал болуп атабы?

- Менимче, шайлоо алдында оппозиция болумуш болгондор Камчы Көлбаевди жөндөн жөн эле ушакка кошуп атышат. Камчы Көлбаев жана анын тобу кыргызстандын турмушундагы бир чындык. Бирок, бул Камчы бийликчил партияларды желкелеп алды дегендике жатпайт.

- Негизи эле Суваналиевдин бул аракетине кандай баа бересиз?

- Биринчиден, бул шайлоо алдындагы популисттик кадамы. Экинчиден, добуш алууга болгон аракети.

- Манас мырза, шайлоого бел байлаган саясатчылар жөнүндө элдин пикири деле ар түрдүү. Сиз эмне дейсиз?

- Бизде көп саясатчылар саясаттагы туруктуулукту көрсөтө алышкан жок. Бизде "күңгөйдү оттоп, тескейге өтө качкандар" гана бар. 30 жылдан берки кыргыз саясаты ушул жол менен гана келатат. Кыргыз коомчулугунун өнүкпөй, аркада калып кетишине ушулар гана себепкер. Аң сезими өнүкпөй аткан биздей элди бул окшогон шылуун саясатчылар дагы 100 жылдай башкарышат. Булар карыса, балдары, кыздары андан калса, неберелери бар дегендей.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости