www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбуктагы урматтуу улуу-кичүү досторум! Эки күндөн бери кайдыгер эмес жарандар, "Сеид Атамбаев сизди СДнын канчанчы тизмесине киргизди?" деген суроолорду берип жатышат. Мен жооп берип коёюн. Мен тизмеде жокмун. Мага партиядан кимдир бирөө, "сен тизмеде мынчанчы турасың" - деп айтышкан жок. Мен өзүм да сураган жокмун. Бирок, арызымды сурап алышкан, деген пикирин Назгүл Мамытова социалдык тармакка жазып чыкты.

Ага кошумча, "Менин экс-президент Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин алдында абийирим таза! Элдин алдында жүзүм жарык! Сатып кеткен жокмун! Кой-Таш окуясы боюнча тергөө иштеринен качып үйдө жатып алып, тергөө бүткөндө үңкүрдөн чыга калып кыйкырып чыккандардан эмесмин! Аны Сеид Алмазбекович жакшы билет чыгар. Көп болсо арадан бир эле жыл өттү. Эч ким, эч нерсе унутулбайт! Кыйын кырдаалда акыр аягына чейин турдум. Укук коргоо органдары далил табышса камалып кетүүгө да даяр болдум! "Ачык саясат плюс" гезитим миллиондорго сотко берилди. Менин айымдан кызматкерлерим тергөөдө суралды. Бардык кыйынчылыкты жон-терим менен көтөрдүм. Камактагы партиялаштарымды, тергөөдөгү партиялаштарымды колдоп, моралдык колдоо көрсөтүп жандарында болдум жана азыр да алар менен биргемин! Саясий интрига, оюндарга аралашкан жокмун! Менин кимдир бирөөнүн алдында карызым жок! Жасаганымды кимдир бирөөгө да милдет кылбайм!

Алмаз Шаршеновичтин жакшы тилеги бар эле айткан, "Назгүл сени алдыңкы тизме менен депутат кылып алып келем" деген. Бирок, тилекке каршы бийлик Алмаз Шаршеновичти атайылап камап, партияны Сагынбектин колу менен тартып алышты! Атамбаев азыр камакта. Камактагы адамга маалымат ар тараптуу жетет эмеспи. Ал кишинин балдарына мен, "ак же көк" - деп талап да коё албайм! Анткени мен СДПК партиясына Алмазбек Шаршенович үчүн келгем! СДПК партиясын уулу Сеид Алмазбекович жетектеп баратат. Ал жерде кимдер чечүүчү ролдо экенин эң жакшы түшүнүп турам! Алдыдагы аламанда ийгилик каалайм! Талапкер болбой эле колдон келген жардамымды көрсөтөм. Менин ордума татыктуу бирөө келет деп ойлойм!
Буюрса, Алмаз Шаршенович аман-эсен камактан чыккандан кийин, бир топ изги тилектер ишке ашаарына терең ишенем жана Атамбаевдин камактан эртерээк чыгышын чыдамсыздык менен күтөм! Азыр менин үй-бүлөм баарынан маанилүү чоң жакшылыкты күтүп жатабыз! Ошол жакшылыкка чейин аман бололу! - деп жазган Назгүл Мамытова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости