www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги эркин журналист Манас Осмонду кепке тартып, мандатты да мураска калтырыгысы келип, атасынын ордуна баласын депутаттыкка сүрөгөн саясатчылардын аракети боюнча пикир алыштык.

-Манас мырза, кыргызстандын бийлиги атадан балага өткөн салтка айланып калды. Байкасаңыз, мурдагы депутат, министр жана аким өкүмдөрдүн балдар кыздары бийликке аттанып атышкан учурлар бар. Буга кандай баа беребиз?

-Өлкөбүздө 100 гө жетпеген үй бүлө саясий турмушубузду аныктап келатат. Атасы, жээни, тайкеси же кудаасы болуп, ушулар эле депутат, министр, губернатор болушту. Же, ага жараша өнүгүп да, кетпедик. Мындай көрүнүшкө эл өзү чекит коюп, коомдон четтетиши керек! Бир чети элдин аң сезими да ушуга жол берип жатат да. Ар шайлоодо талапкерлердин берген 2000 сомуна 5 жылдык тагдырын сатып жатса, өлкөдөгү терс көрүнүштөр улана берет деп ойлойм.

-Эшегине жараша тушагы деп коёт. Кандай дейсиз, ошол сиз айткан үй бүлөөлөргө ким шарт түзүп жатат?

-Биздеги туруксуз саясат менен мамлекеттик системанын чаржайыттыгы ата баланын мамкызматтарды менчик катары колдонушуна шарт түзүүдө. Албетте, мындайда караңгы элдин таасири да абдан күчтүү. Негизи эле аркада калган өлкөлөрдө тууганчыл саясат көбүрөөк кездешет. Бизде да ошол 100 гө жетпеген үй бүлө элди караңгы, билимсиз калтырып, өздөрү кылымдар бою башкара берүү үчүн жан үрөп келатышат.

-Өлкөбүздөгү тууганчыл саясат "депутаттык мандат мансапбы же, кызматбы" деген суроону жаратып отурат. Сиз мансап катары көрөсүзбү?

-Кудай сактасын, мен аны элге кызматкер катары көрөм. Негизи, мамлекеттик кайсы орун болсо да, ал элге кызмат кылуу үчүн бар болгон орун. Чиренип, каада күтүп, кагып, силкип чочко мүнөз болуучу орун эмес. Өлкөбүз эмнеге кедей? Ошол мен айткан 100гө чукул үй бүлөнүн айынан ушул абалга келдик. Эми, мындан да жаман абалга алып келебиз деп балдар кыздары аттанып атышат. Бүгүн биз кудум ушулардын айынан итке миндик.

-Мустафа Кемал Ататүрктүн бир сөзү бар. "Уктаган эл кул катары ойгонот" - деген. Биз уктаган элге киребизби же, кандай?

-Кыргыз эле эмес бүткүл Борбор Азия 100 жылдан бери уктаган континентбиз. Саясат окшош, актёрлор деле ошолор. Ататүрк айткандай эле. Тагдырыбызды бир ууч шылуундар чечип атышат 30 жылдан бери. Эл дале уктап жатабыз. Чынында, уктаган элдин жакшы жашоого акысы жок!

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости