www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандан АКШга жаңы авиакаттам ачуу пландалууда. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов  маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, бул маселе АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен талкууланды. Жыл соңуна чейин аэропорттун иши менен таанышууга америкалык адистер келмей болду.

“АКШ элчилиги Бишкектен АКШнын ири шаарларынын ичинен Нью-Йоркко же Чикагого түз авикаттамдарды ачуу демилгебизди колдошту. Кыргызстандын авикомпаниялары Европа биримдигинин “кара тизмесинде” болгондуктан, биз америкалык авиакомпанияларды бул каттам боюнча кызмат көрсөтүп берүүсүн айттык. Алар аэропорттун иши менен таанышууга жыл аягына чейин келишет”, - деди ал.

 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости