www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиянын Керала штатында болгон жер көчкү 143 адамдын өмүрүн алып, 200гө жакыны жаракат алды. 31-июль штатта аза күтүү күнү деп жарыяланганын NDTV телеканалы билдирди.

Жер көчкү 30-июлга караган түнү штатта болгон муссондук жамгырдан улам болгон. Кырсыктан эң көп Ваянад району жабыркады, ал жерде төрт сааттын ичинде үч жер көчкү болгон.

Жер көчкү турак жайларды каптап, бак-дарактар тамыры менен жулунган. Суу сактагычтарда суунун деңгээли көтөрүлүп, куткаруу иштерине тоскоолдуктарды жараткан.

Элди эвакуациялоо үчүн жеринде Улуттук коруктун, армиянын, мамлекеттик полициянын 600дөй куткаруучусу, токойчулар жана ыктыярчылар иштеп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости