www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы ЖОЖдордун бириндеги коррупциялык схема жоюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-июлда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин (Ош шаары) гуманитардык-педагогикалык факультетинин деканы У.И.С. мамлекеттик экзаменде студенттерден акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. 

Белгилей кетсек, буга чейин КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) менен Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин  гуманитардык-педагогикалык факультетинин деканынын орун басары Д.у.Д кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына 2 айга камакка алынган.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аталган факультеттин деканы У.И.С.  коррупциялык схемага тиешеси бар экендиги аныкталып, ал КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96, 97-беренелерине ылайык кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына эки суткага камакка алынды.

УКМК билим берүү системасындагы коррупция, паракорчулук фактылары тууралуу билдирүүгө чакырат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости