www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Куламидинов Канатбек Мэлисович - Манас шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Манас шаарынын мэриясынын маалымат борбору билдирди.
Бүгүн, 14-апрелде мэрдин орун басары Кубаныч Шерматов жаңы дайындалган жетекчини эмгек жамаатына тааныштырып, жооптуу ишине ийгиликтерди каалады.
Куламидинов Канатбек Мэлисович - 1994-жылдын 26-июлунда Жалал-Абад шаарында төрөлгөн.
Билими: К.Ш.Токтомаматов атындагы эл аралык университетинин экономист адистигин аяктаган
Эмгек жолу:
2016-ж. Жалал-Абад облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын спорт инструктору;
2016-2019-жж. Жалал-Абад облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
2019-ж. бүгүнкү күнгө чейин Жалал-Абад облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башкы адиси.
Эскерте кетсек, Манас шаарынын дене тарбия жана спорт бөлүмүн буга чейин Талас Нуралиев жетектеп келген. Ал өз арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.