www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистан Сенатынын Төрагасы Сайед Юсуф Раза Гилани жана аталган өлкөнүн Улуттук Ассамблеясынын Төрагасы Сардар Аяз Садик Марлен Маматалиевди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктады.

«Сиздин шайланышыңыз Кыргыз Республикасынын демократиялык өнүгүүсүндөгү маанилүү баскыч болуп саналат. Президент Садыр Жапаров менен 2025-жылы 4-декабрда Пакистандагы иш сапарынын алкагында өткөн акыркы жолугушуубузду жылуу сезимдер менен эскерем. Биздин пикир алмашуубуз эки өлкө ортосундагы достук жана кызматташтыктын бекемдигин, элдерди жакындатууда парламенттердин маанилүү ролун, мыйзам чыгаруу аркылуу колдоо көрсөтүүнү жана эки тараптуу алакаларды өнүктүрүүнү дагы бир жолу тастыктады», - деп айтылат Сенаттын Төрагасы Сайед Юсуф Раза Гиланинин телеграммасында.

Сайед Юсуф Раза Гилани ошондой эле өнөктөштүктү мындан ары кеңейтүү максатында Төрага Марлен Маматалиевди расмий иш сапары менен Пакистанга келип кетүүгө чакырды.

Ал эми Улуттук Ассамблеянын Төрагасы Сардар Аяз Садик куттуктоо катында Пакистан Кыргыз Республикасы менен бир туугандык мамилелерди жогору баалай турганын, өз ара кызыкчылык жараткан тармактар боюнча парламенттер аралык кызматташтыкты жана диалогду мындан ары да бекемдөө ниетинде экенин белгилеп: «Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Кыргызстандын элине тынчтык, бакубатчылык жана туруктуу өнүгүү каалайм», - деп билдирген.

Последние новости