www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан курулуш тармагындагы мыйзам талаптарынын сакталышы, курулуш иштеринин сапаты жана коопсуздугу боюнча рейддик иш-чаралар уюштурулууда.
Иш-чаранын алкагында Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментине караштуу Жалал-Абад региондук башкармалыгы тарабынан курулуш объектилеринин сапатына пландан тышкары текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Ашимова Н.А. аттуу жаран тарабынан Манас шаарынын Пушкин көчөсүндө мыйзамсыз соода түйүнүнүн курулуп жаткандыгы аныкталды. Аталган курулушка тиешелүү уруксат берүүчү документтер алынбагандыгы жана мамлекеттик реестрге катталбастан өз билемдик менен салынгандыгы белгилүү болду.
Натыйжада башкармалык тарабынан Ашимова Н.А. жаранга карата тиешелүү акт түзүлүп, мыйзам чегинде айып пул салынды. Ошондой эле курулуш иштери толугу менен токтотулуп, кемчиликтерди жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилди.