www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кадамжай районунда милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Кадамжай РИИБдин Исхак-Полотхан милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн кызматкерлери «Ууру» жана «Үй-бүлө» аталышындагы профилактикалык операциялардын негизинде Исхак-Полотхан айыл аймагындагы мектептерде болушуп, кылмыштуулуктун, мектеп рэкетчилигинин, зордук-зомбулуктун жана уурулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Мындан тышкары, кызматкерлер Исхак-Полотхан айыл аймагындагы айылдарды кыдырып, жарандарга кибер алдамчылыктын, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун жана уурулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.