www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алай районунун Арпа-Тектир айылында заманбап үлгүдөгү спорт комплекс курулуп жатат. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 58 миллион сомду түзөт.
Башкы планга ылайык, спорт комплекс эки блоктон турат. Имаратта жалпы аянты 1006 чарчы метрди түзгөн спорт зал каралган. Анда волейбол, баскетбол жана футбол ойноо үчүн ылайыктуу аянтчалар жайгашат. Ошондой эле спортчулар үчүн кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, жууну жайлары жана машыктыруучулар үчүн атайын бөлмөлөр каралган.
Объекттин курулуш иштери Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүп, учурда иштер бекитилген графикке ылайык аткарылууда.