www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

10-январда кыргыз илиминин көрүнүктүү өкүлү, манастаануу жана фольклористика илимдеринин зор салым кошкон окумуштуу Раиса Кыдырбаева 96 жаш курагында дүйнө салды. Ал узакка созулган оорудан кийин каза болгонун Министрлер кабинети кабарлады.

Раиса Кыдырбаева 1930-жылдын 30-ноябрында Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1952-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн. 1953–1956-жылдары А.М. Горький атындагы Дүйнөлүк адабият институтунда аспирантурада окуган. 1997-жылы ага профессор наамы ыйгарылган. 1989-жылы Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти болуп шайланган.

Ал 2025-жылга чейин Ч.Айтматов атындагы адабият институтунун “Манас” бөлүмүндө бөлүм башчы, жетектөөчү илимий кызматкер, башкы илимий кызматкер орундарында эмгектенип келген.

Кыдырбаева “Манас” эпосунун салттуулук жана жекелик маселелери” аттуу монографияны жазган. Ошондой эле “Саринжи Бөкөй” эпосунун идеялык-көркөмдүк бөтөнчөлүктөрү”, “Жаңыл Мырза” эпосунун поэтикалык традициялары”, “Манасчынын айтуучулук чеберчилиги”, “Манас” эпосунун варианттары”, “Мезгилдер, муундар жана манасчы” ж.б. 16 илимий монография, 200дөн ашуун илимий макала, изилдөөлөрдү жарыкка чыгарган. 1998-жылы “Манас” энциклопедиясын даярдоого активдүү катышкан.

“Маркум кыргыз фольклористикасы, манастаануу жана адабият таануу илимдеринин өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон көрүнүктүү окумуштуу. Анын жетекчилиги алдында 22 илимдин кандидаты жана 4 илимдин доктору даярдалган. Раиса Заитовна негиздеген илимий мектеп Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө да кеңири таанылган”,- деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары ал кыргыз акындарынын өнөрүн ЮНЕСКОнун адамзаттын оозеки жана материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизүү боюнча номинациялык файлды даярдоого салым кошкон. Ошондой эле “Манас. Семетей. Сейтек” эпикалык трилогиясы тууралуу мыйзамдын кабыл алынышына, илимий жана маданий саясаттын калыптанышына жигердүү катышкан.

Өкмөт маркумдун жакындарына, туугандарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Последние новости