www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызда айтылгандай: «Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыкты». Бул макал кудум эле экс-депутат Аккулу Бердиевге окшогон, динди чапан кылып жамынган, эки жүздүү адамдардын беткабын сындоо үчүн айтылып келсе, макал бүгүнкү күндө дагы актуалдуулугун жоготкон жок.

Ички иштер министрлиги билдиргендей, Аккулу Бердиев ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул окуя коомчулуктун көңүлүн ачууга жана саясатчылар арасындагы ыймансыздыкка көңүл бурууга өбөлгө түзөт.

Буга чейин анын ыймандуу жубайы Батма Ормонова УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылып, арыз берген. Арызда ал Бердиевдин үстүнө 10 аял алганын, зомбулук көрүп, үйүнөн куулуп өзүнүн жана балдарынын өмүрүнө коркунуч жаралып жатканын айткан.

Кыргыз эли бекеринен «молдонун айтканын ук, кылганын кылба» деп айткан эмес. Бул окуя коомчулукка эки жүздүүлүктүн, коомдук моралдын жана чыныгы бийликтин көрүнүшүн көрсөтүп турат. Бул мисал жаштарды жана жалпы коомду адилеттүүлүккө чакырып, саясий кадамдарга ишенимди текшерүүгө үндөйт.

Чала молдолор жана адеп-ахлак: коомчулуктун көзү ачыла баштады

Кээде ычкырдан өйдө көтөрүлө албаган деңгээлдеги динден бир аз түшүнүгү бар адамдар аял затын көргөндө көзү кызарып, койнуна катып, алардын аруулугун тебелеп келишет. Бул көрүнүш кыргыз калкына буга чейин одоно көрүнүш болуп келсе, акыркы жылдары көп аялдуулукка карай багыт жарнамалары күчүнө кирди.

Кыргыз качан гана өзүнун аруулугуна, адеп-ахлагына таянып, алдыга умтулбаса, чала молдолор жана айрым эки жүздүү такыбалар кыргыз аял затын ушундай жол менен башкарып бара жаткандай.

Бактыга жараша 10 аялы бар экс-депутаттын байбичесинин кадамы коомчулуктун көзүн ачып, чала молдолордун чыныгы жүзүн көрүүгө шарт түздү.

Тарыхта кимдер токол алган?

Баса, тарыхка таянып токол алган хандардын өмүрүнө сарасеп салсак, илгерки убактарда хандар гана акылдуу, төгөрөгү төп келгендерди байбичесинен уруксаат алып токол кылып алышкан. Алардын токолдору Ханга баатыр төрөп, акыл үйрөткөн.

Тилекке каршы, ушул тапта эптеп баш көтөрүп эл алдына эки күн чыкса элирип токол алып баштаса, айрымдардын токолдору башына дамбалын кийгизип уят кылгандары толтура. Ал тургай Меккеге барган айрым Ажы башчылары чапма нике окутуп, Умрага алып барып, жергиликтүү арабдарга «менин үчүнчү, төртүнчү жубайым» деп мактангандары жок эмес.

Так ушул көрүнүштү УКМК текшерсе, "жасалма адалдардын" жүрүшү темир тор менен аякташы толугу менен мүмкүн. 

Последние новости