www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кампусун кесип өтүп, Болот Миңжылкиев көчөсүн Чыңгыз Айтматов проспектисине туташтыра турган автожолду салуу бир айдын ичинде башталат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине берген маегинде Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Абдыжапаркул Жанболотов билдирди.
Анын айтымында, аталган көчө “Манас” университетинин эки корпусунун ортосунан өткөндүктөн, жер астындагы өтмөк курулат.
Ошондой эле Жанболотов белгилегендей, жолдун түштүк тарабындагы сейилдөөчү аймак азыркы абалында эле калат.
“Планда бак-дарактарды сактап калуу боюнча маселелер эске алынды”, — деди ал.