www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Сиверек шаарында белгисиз адам лицейде ок чыгарып, 18 адам жаракат алды. Yeni Safak гезити билдиргендей, окуя Шанлыурфа провинциясындагы Ахмет Коюнджу атындагы кесиптик-техникалык анатолиялык лицейде болгон. 

Окуя болгон жерге полиция кызматкерлери, медициналык топтор жана атайын багыттагы бөлүктөр тартылган. Маалыматтарга ылайык, кол салган адам 17-18 жаштагы жаш жигит болгон. Ал окуу жайдын аймагына аңчылык куралы менен кирип ок аткан. Андан кийин имараттын ичинде адамдарга карата башаламан аткылай баштаган.

Milliyet гезити жазгандай, айрым окуучулар октон качуу үчүн имараттын терезелеринен секирип, жаракат алышкан.

Коопсуздук күчтөрү окуучулардын көбүн эвакуациялоого жетишкен. Бирок маалыматтарга караганда, кол салган адам имараттын ичинде бекенип алып, барымтага адамдарды кармап турушу мүмкүн.

Учурда Түркиянын атайын күчтөрү кол салуучуну нейтралдаштыруу операциясын жүргүзүп жатат. Полиция аны багынып берүүгө көндүрүүгө аракет кылууда, ал эми лицей жайгашкан аймак толугу менен курчоого алынган.

Последние новости