www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Көлдүк айылынын тургуну, жеке ишкер Замирбек Сазыев Кыргыз Республикасынын Президентине жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасына кайрылып, жардам сурады.
Анын айтымында, ал 2010-жылдан бери Бишкек шаарында туруктуу жашап келет. Төрт баланын атасы.
Замирбек Сазыев билдиргендей, ал 2022-жылдын май айында Бакир уулу Жылдызбек менен Көк-Жар конушунан жер тилкесин сатуу учурунда таанышкан. Кийинчерээк алардын ортосундагы байланыш уланган.
Ишкердин айтымында, кыска убакыттын ичинде ал 115 миң АКШ долларына бааланган үйүн саткан. Андан соң Бакир уулу Жылдызбек “карызы бар” деген негизде анын үстүнөн арыз жазып, жыйынтыгында ишкер 10 ай 10 күн камакта отурган.
Соттун чечими менен Замирбек Сазыев 60 миң АКШ долларын төлөп берүү шарты менен камактан бошотулган.
Ошондой эле ал Бакир уулу Жылдызбек жана Рустам Маматкулов тарабынан коркутуулар болгонун билдирүүдө. Анын айтымында, алар коркутуу жолу менен андан жалпы 591 миң АКШ долларын алышкан.
Ишкердин сөзүнө караганда, ага: «Мен, ким менен жүрөм, билесизби? Ташиевдин балдары менен жүрөм. Керек болсо балдарыңды уурдап кетебиз», —коркуткан.
Анын айтымында, бардык далилдери болгонуна карабастан, өзү 10 айдан ашуун убакыт камакта отуруп чыккан. Учурда бул иш боюнча соттук териштирүү уланууда.
Замирбек Сазыев мамлекеттик органдардан адилет чечим чыгат деген үмүттө экенин айтып, колунда баардык далилдер бар экенин билдирди.
Мындан тышкары, Замирбек Сазыев Бакир уулу Жылдызбек боюнча дагы бир нече жарандар жабыркаган, алардын үйлөрү жана жер тилкелери алынганын доомат кылды. Анын айтымында, Бакир уулу Жылдызбек Курстанбек Сыдыков да ушул маселеге байланыштуу арыз жазып каматып, 1 жыл 2 ай камакта отургандан кийин далилдердин негизинде соттон толугу менен акталып чыккан.
Материалда айтылган маалыматтар Замирбек Сазыев тараптын билдирүүсүнө негизделген. Бакир уулу Жылдызбек жана Рустам Маматкулов тараптарынын позициясын жарыялоого редакция даяр. Экинчи тараптын жообу берилсе, кошумча жарыяланат.