www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Манас шаарына 30 миң адамга ылайыкталган стадион курулат. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Манас шаарына КМШнын Чек ара аскерлеринин командачылар кеңешинин 91-отурумуна катышуу үчүн барганда билдирди. Ал сапарынын алкагында мэр менен жолугуп, бир нече объектилерди да көрдү.
Ал белгилегендей, стадион эмки жылы аэропорттун ордуна курула баштайт.
“Аэропорттун орду 80 гектарды түзөт. Ал жерге жаңы типтеги шаар курулат. Шаарга республикада экинчи орунда турган 30 миң орундуу стадион курулат. Эмки жылы аэропорт чыгып кетсе, курулушу башталат”, - деди ал.