www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Сүлүктү көмүрдүн» мыйзамсыз сатылган мүлктөрү жана жер тилкелери аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Тергөө иш-чараларынын натыйжасында объекттер ыктыярдуу түрдө Сүлүктү шаардык мэриясына кайтарылды.
Кайтарылган объекттер:
1. Сүлүктү шаарынын Д.Жороев көчөсүндөгү "АБК" административдик имараты жана 1,02 гектар жер тилкеси;
2. Сүлүктү шаарынын Поле-12 көчөсүндөгү 1714 чарчы метр аянттагы "Кызыл-Булак" электр көмөк чордону;
3. Сүлүктү шаарынын И.Элмуратов көчөсүндөгү "АБК" административдик имараты жана 11 067 чарчы метр жер тилкеси;
4. Сүлүктү шаарынын Шахта-6 көчөсүндөгү "АБК" административдик имараты жана 24 100 чарчы метр жер тилкеси;
5. Поле-12 көчөсүндөгү аянты 323,3 чарчы метр болгон имарат (ашкана);
6. «ВВиСВ» жардыргыч заттар кампасы (аянты 3,1 га, Сүлүктү шаары);
7. Сүлүктү шаарында аянты 21 144 чарчы метр болгон жер тилкеси;
8. Сүлүктү шаарынын Д.Жороев көчөсүндөгү аянты 350,5 чарчы метр болгон имарат (ашкана);
9. Сүлүктү шаарындагы "ЭМЦ" имараты жана 1,5 гектар жер тилкеси;
10. Сүлүктү шаарындагы "АБК" административдик имараты жана 3482 чарчы метр жер тилкеси;
11. Сүлүктү шаарындагы Поле-12 көчөсүнүн боюндагы 210,8 чарчы метр аянттагы бункер;
12. Сүлүктү шаарындагы 600 чарчы метр жер тилкесиндеги "Крун-6" трансформатору.