www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте жылуулук качан берилери белгилүү болду

Бишкек шаарында 2025-жылдын 3-ноябрынан тарта 2025–2026-жылдардагы жылытуу мезгили башталат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ошол күнү кечинде Бишкек жылуулук электр борборунун кызматкерлери жылуулук өндүрүү жана аны андан ары «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасына берүү процессин баштайт.

Бардык колдонулуп жаткан жабдуулар күчөтүлгөн режимде иштөөдө, техникалык кызматкерлер коюлган параметрлерди камсыздоого толук даяр.

«Бишкекжылуулуктармагы» жана «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканалары бардык даярдык иштерин аяктап, шаардын объектилерине жылуулукту өз убагында жана ишенимдүү туташтырууну камсыз кылууга толук даяр.

Ишканалардын техникалык кызматкерлери мүмкүн болуучу кайрылууларга жана өзгөчө кырдаалдарга ыкчам жооп кайтаруу максатында күчөтүлгөн иш режимине өтүштү.

Объектилерди жылытуу системасына кошуу бир нече этап менен жүргүзүлөт:

Биринчи кезекте — социалдык объектилер: мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо уюмдары.

Последние новости