www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия президенти Владимир Путин “Буревестник” аттуу канаттуу ракетаны түзгөн илимпоздорду жана инженерлерди мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлашы ыктымал экенин өлкө башчынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков РИА Новости агенттигине билдирди.

«Жогорку ыктымалдык менен айта алам — ооба», — деди Песков журналисттин тиешелүү суроосуна жооп берип.

26-октябрда Владимир Путин Бириккен аскердик топтун башкаруу пунктуна барганда, ядролук энергия менен иштеген, чектөөсүз учуу аралыгы бар “Буревестник” канаттуу ракетасынын сыноосу ийгиликтүү аяктаганын билдирди. Генштаб башчысы Валерий Герасимовдун маалыматына караганда, ракета 21-октябрда учуп чыгып, 15 саатта 14 миң чакырым аралыкты басып өткөн.

Ошондой эле 30-октябрда Путин аскердик госпиталда сүйлөп жатып, “Буревестник” долбоорунда колдонулган ядролук технологиялар кийин эл чарбасында да пайдаланылышы мүмкүн экенин белгиледи.

Маалыматка караганда, “Буревестник” ракетасынын ядролук кыймылдаткычы кубаттуулугу жагынан атомдук суу астындагы кайыктардын реакторлоруна барабар, бирок көлөмү миң эсе кичине жана бир нече мүнөт же секунд ичинде ишке кире алат.

Последние новости