www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ырчы, актриса Гулнур Асанова өзү дин жолунда жүргөндүктөн күйөрмандарына “Аллах деген сөздү айткандан эмнеге уяласыңар? Манас атам колдосун, ата-бабам колдосун, жер, сууга сыйынуунун өзү - адашкандык! Манасты, сууну, жерди, ата-бабаңды ким жаратты?”- деп инстаграм баракчасына жазып чыкты.  

“Аллах деген сөздү айткандан эмнеге уяласыңар?! Улуу зат ошол уят суудан уятыңарды, жүрөк, кан-тамыр, көз, мээ, өпкө-боор, деги койчу, бардык органыңарды жаратып жашоо берип жатса! Кокустан бир органыбыз жабыркаса “оо Кудай” деп оозубуздан биринчи ошол сөз чыгат го! Анан? Эмнеге Аллах деген сөздү айткандан уялабыз?

Манас атам колдосун, ата-бабам колдосун, жер, сууга сыйынуунун өзү адашкандык! Манасты, сууну, жерди, ата-бабаңды ким жаратты? Аллахым адаштырбасын баарыбызды! Аллахтын улуу зат экенин нагыз түшүнүүгө ар бирибизди жеткирсин! Сыймыктанам, Аллах мени мусулман кылып жаратып койгонуна! Миң мертебе, “чексиз” шүгүр кылам!”-деп жазган ырчы, Гулнур Асанова.

Ырчынын улуттун уңгусун тебелеген бул сөзүнө белгилүү инсан Гулуасал Садырбаева: Аллах деген кыргызча Кудай дегенди билесиңби? Эгерде билсең эмне үчүн өз тилиңде Кудай дегенден уяласың? Арабдардын эмнеге сыйынганын билесиңби? Ажылыкта Мавра-Сафа тоолоруна, Арафат, Муздалифа тоолоруна, шайтанга таш ыргытуу деп, бетон дубалга таш ыргытып, зам-замсуусу, булар эмне жер-суу эмеспи?

Тоо, таш, сууга арабдар сыйынып жатпайбы? Туура эмес десең, барып келген ажылардан сура. "Атасы атпаган коңузду, баласы атат доңузду" болуп күйгүздүңөр, Манастан айлангырлар. "Өз агасын агалай албаган, жат агасын сагалайт", - деп жазып чыкты.

Эске сала кетсек, ырчы Гулнур Асанова белгилүү ишкердин экинчи жубайы болгон. Кийинки макалада ырчы Асанова канчанчы жубай экенин жазабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости