www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мандариндин пайдасы жана зыяны

Диетолог жана нутрициолог Надежда Цапкина РИА Новостиге мандариндин пайдасы менен зыяны тууралуу айтты.

Дарыгер белгилегендей, бул жемиш кальций, магний, калий, D, K жана B витаминдерине бай. Андагы клетчатка ичеги-карындын ишин жакшыртып, С витамини иммунитетти бекемдейт.

"Цитрус жемиштери вирус менен күрөшүүгө жардам берип, курамында биофлаваноиддер менен бета-каротин антиоксиданты болгондуктан, рак ооруларынын пайда болуусун алдын алат", — деген адис.

Мандарин пайдалуу делген менен дарыгер аны ашыкча колдонуудан этият болууну эскерткен. Көп жеген учурда боорго күч келип, аталган органда көйгөй жаралышы ыктымал. Диетолог күнүнө 4-5 мандарин жетиштүү экенин белгилеген. Аллергиясы, гастрит оорусу барларга да аны абайлап колдонуу сунушталган. Азык ашказандын былжыр челин дүүлүктүрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости