www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда спорттун канча түрү бар экенин депутат Шайлообек Атазов комитеттин жыйынында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовдон сурады.

Министр бул кызматка дайындалгандан бери спорт тармагын тейлеген орун басары менен тыгыз иштешип келе жатканын айтты.

"Демек сиз спорттун канча түрү бар экненин билбейсиз" — деген депутатка Максүтов кийинчерээк тактап, жооп берерин билдирди.

"Олимпиадалык, олимпиадалык эмес, улуттук. Министр болуп туруп ушуну билбегениңиз туура эмес. Сиз учурда 6 тармакты көзөмөлдөйсүз. Кесиптештер, мунун баарына бир министрлик жетишет деп ойлосуздарбы? Спорт чөйрөсүнө эч ким тийиштүү түрдө көңүл бөлбөй жатат", - деди Атазов.

Министр спорт тармагындагы бардык маселелерди, көйгөйлөрдү териштирүүгө убакыт керектигин айтты. "Кыска убакыттын ичинде бардык маселелерди бир убакта чечүү кыйын. Бир-эки ай, жок дегенде квартал керек", - деди министр.

"Сиз бир квартал изилдегичекти лицензиялык иш-чаралар бүтөт, ошондуктан спорт тармагын азыркы министрликтен бөлүү керек. Сиз жана министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Эдил Байсалов спорт тармагын Маданият министрлигинен бөлүүгө каршы чыгып жатасыздар. Спортту бөлүп койсоңор, 2023-2024-жылдары өлкөбүздүн даңкы чыгат. Муну бардык спортчулар күтүп жатышат", - деди Атазов.

Депутаттын айтымында башка мамлекеттердин бардыгында спорт министрилиги өзүнчө иш алып барат.

"Сизди маданият тармагынын адиси катары билебиз, туу чокусуна жеттиңиз. Бирок сиз спорт чөйрөсүн түшүнбөй жатасыз, андыктан аны бөлүп чыгуу керек", - деп кошумчалады Атазов.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости