www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Манипуляция деген эмне?

Манипуляция деген эмне? Социалдык тармактардан, телевизордон тынымсыз каршыбызга чыгып жаткан бул түшүнүк тууралуу маалыматтарга көңүлүңүздү бурабыз. 

“Манипуляция” сөзү кыргызчада “багыттоо, башкаруу” дегенди билдирет. Маанилик чечмелениши – бир киши же топтун өзүнө тиешелүү баалуулуктарын, сезимдерин жана алсыз жерлерин баса белгилеп, өзүнө тартууга аракет кылуу. Мындай абалда адамдар же болбосо топтор манипуляция кылуучунун “көз карашты өзгөртүү” тактикаларына дуушар болушат. Телевизор, социалдык тармак сыяктуу маалымат булактары тарабынан адам өзү каалабаган учурда деле манипуляцияга кабылышы мүмкүн. Эгер бир нерселер боюнча оюңуз кокусунан өзгөрүп баштаса, сиз да кабылдыңыз десек болот. Мындан сырткары, бирөөгө манипуляция кылууну же бирөөнүн сизге ушундай аракет кылганын билүүнү кааласаңыз, төмөнкү ыкмаларды окуп чыгыңыз.

1.    Өзүнө болгон ишенимдин аз экендигинен пайдалануу
Ар бир адамдын өзүнө жакпаган бир жерлери болот. Ал жөнүндө кеп козголгондо адам өзүн коргой албай, баш ийгенге мажбур калат. Манипулятор мындай абалды колдон чыгарбай, өз пайдасы үчүн колдонушу мүмкүн. Өзүнө болгон ишеними аз киши – коргоосуз киши. Ал эми манипулятор алсыз жерлерин баса белгилеп айтуу менен өзүнө баш ийдирип, ал адамды башкарып алат.

2.    Жасалма проблема ыкмасы
Бул ыкмада манипулятор бир проблема ойлоп таап, манипуляция кылуучу адамдардын бул проблеманы чечүүсүн каалайт. Адамдар муну чечүү мүмкүн эместей аң-сезиминде чоңойто беришет. Так ошол учурда манипулятор ортого чыгып, чечим издөөчүлөрдү өзү каалагандай башкара баштайт да манипуляция ишке ашкан болот.

3.    Тартып алуу, ажыратуу ыкмасы
Манипулятор адамды жакындарынан (ата-энеси, жубайы, баласы ж.б.) ажыратуу менен өзүнө багындырууга аракет кылат. Бир жагынан алганда эмоционалдык коркутуу десе да болот.

4.    Ашыгы менен талап кылуу
Мындай ыкма көбүнчө карыз алуу, соодалашуу сыяктуу абалдарда колдонулат. Манипулятор алгач чоң сүйлөп баштап, каршылашы кабыл албаган соң  “жок дегенде, мейли эми” сыяктуу сөздөрдү колдоно баштайт. Көп өтпөй манипуляция ишке ашат.

5.    Сезимдер менен ойноо
Манипуляциянын эң катаал ыкмасы. Каршы тараптын эмоционалдык абалы пайдаланылып, манипуляция кылынган адамга оор тиет. Качырылган, коркутулган кишилер бул ыкманын курмандыктары. Ал эми манипулятор муну колдонуп, каршы тарапка каалаганын жасатууга чамданат.

6.    Коркутуу
Муну ишке ашырууда манипулятор ал адамдын алсыз жерин аныктап алат. Андан соң ошого жараша коркута баштайт. Бирок, ошол мезгилде  коркуткан да, коргойм деген да бир эле киши болот. Анткени, манипулятор “сенин жаныңдамын, коргойм” деген сыяктуу бал сөздөрү менен ишенимге кирип, проблеманы ойлоп таап, кайра аны чечкен да жалгыз өзү болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости