www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанга белгилүү драматург Мар Байжиев, жалгыз уулунан айрылганына 3 күндүн жүзү болду. Так ушул таптарда Кыргызстанга аттын кашкасындай таанымал болгон улуу инсандын уулу дүйнөдөн кайтыш болгону менен театрдан жан адам барган эмес.
“Бүгүн Мар атанын жалгыз уулуна үчүнчү күн, жерге берилди. Кызыгы өмүр бою эмгектенип пьесаларын коюп келген театрдан эч кимиси келген жок. Эртең менен театр жетекчиси Назым байкеге чалсам "жумушум бар эле бошобойм" - деди. Жамандыкта келип коюшса болмок деп калдык”, - дейт Мар атаны жандап жүргөндөрдүн бири.
Эске сала кетсек, Мар Байжиев 1960-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин орус тили жана адабият бөлүмүн бүтүргөн.
1962–1964-жж. Москвадагы Жогорку сценардык курста окуган. «Кыргызфильм» киностудиясында улук редактор, Кыргыз КСРинин маданият министрлигинин репертуардык коллегиясынын башкы редактору.
1971–1975-жж. «Литературная газетасынын» Кыргызстан боюнча өз кабарчысы болгон.
1961-жылдан КСРБ Кинематографисттер союзунун, 1966-жылдан КСРБ Жазуучулар бирлигинин мүчөсү.
М.Байжиев орус жана кыргыз тилдеринде жазып, сынчы, котормочу катары да таанылган.
1961-жылы «Каракурт» аттуу сатиралык аңгемелер жыйнагы жарык көргөн.
М.Байжиев тарабынан «Балдар бойго жеткенде», «Эрөөл», «Эр намысы», «Ар бир үйдө майрам», «Кыз-күйөө», «Алтынчы күнү кечинде», «Узак сапардагы поезд» пьесалары жазылган. «Эрөөл» пьесасынын сюже-тине эки опера түзүлгөн. М.Байжиев «Кожожаш» эпосунун мотиви боюнча «Байыркы жомок» драмасын жазган.
М.Байжиевдин сценарийи боюнча «Кыргызфильм» киностудиясында «Ак илбирстин тукуму», «Алтын күз», «Өзбекфильм» студиясында «Бөтөн бакыт», «Нөшөр», «Казактелефильм» студиясында «Жаңы жыл алдындагы түн» аттуу толук метраждуу көркөм фильмдер тартылган. Автордун аңгемелери боюнча башка студияларда дагы кыска метраждуу бир нече көркөм фильмдер ишке ашырылган. «Акмактардын поезди», «Окуя» көркөм фильмдердин, «Великий эпос» ж.б. документалдуу фильмдердин автору. Фильмдердин айрымдары эл аралык фестивалдарда жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон. М.Байжиев К.Жантөшевдин, Т.Молдонун жана башка авторлордун чыгармаларын орус тилине которгон. «Манас» эпосунун орус тилинде чыгышын даярдоого катышкан.
М.Байжиевдин чыгармалары КМШ, чет өлкөлөрдүн тилдерине которулуп, өзүнчө китеп болуп басылып чыккан.
Драмалары КСРБнин 200дөн ашык театрларында: Москва, Ленинград, Киев, Ташкент, Рига, Тблиси, Баку, Алма-Ата шаарларынын, Польша, Венгрия, Австрия, Канада, Монголия, Румыния, Болгария, Финландия ж.б. өлкөлөрүнүн сахналарында коюлган.
«Седеп» фондунун президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл депутаты, маданият, эл агартуу, мамлекеттик тил жана туризм боюнча Жогорку Кеңештин комиссиясынын төрагасы (1990–1994-жж.) болгон. Бүгүнкү күнгө чейин кино академиянын президенти.
«Кыргыз Эл жазуучусу» деген наам ыйгарылган. Кыргыз кино академиясынын академиги. Искусство институтунун профессору. КСРБ кинематографиясынын отличниги. «Манас» орденинин кавалери.
М.Байжиевдин чыгармачылыгы боюнча дипломдук, кандидаттык, доктордук иштер корголуп, өзүнчө монографиялар жарык көргөн. Драматург Мар Байжиевдин балалыгы да,жаштык кези да,чыгармачылык тагдыры да татаал,карама-каршылыктуу болду.Анын балалыгы Улуу Атамекендик согуштун оор жылдарына туш келген.Кыйынчылыктуу кырдаал Мардын атасы Ташымдын 1942-жылы согушка аттанышы менен,ого бетер татаалданган.
Булак: NazarNews.kg