www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү каарманыбыз актёр катары  сахнада 100дөн ашуун роль жаратса, ал эми кинодо 20дан көп роль ойногондугун баса белгилеп кетмекчибиз. Чыгармачылык жолунда күчтүү режиссёр менен иштешип 31 жашында  Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти наамына ээ болгон, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Эл артисти катары Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында үзүрлүү эмгектенип келе жаткан кыргыз элине белгилүү актёр Марат Алышпаев менен  жакында маектешкен элек. Марат мырза кеп кезегинде  чыгармачылыгы тууралуу төгүлүп-чачылып төмөндөгүдөй маалыматтарды айтып берди.

“Комуз черткенди  эч үйрөнө албай койдум” 

—Менин чыгармачылык жолума түрткү түрткү берген биринчи атам болду. Эстесем жети жашым болсо керек. Менин чоң атам Алышпайдын иниси Ыбрай, анын баласы Чымырбай,   Алымбек деген абам комузду жакшы чертишчү экен. Атам: “Сен комузчу болосуң. Комузду жакшылап үйрөнгүн”,- деп мага атайын комуз чаптырып келип жатпайбы. Ошондо комуз черткенге аракет кылсам да эч үйрөнө албай койдум. Биздин учурда тээ 60-жылдары  мандолин черткен аябай мода болчу. Бул музыкалык аспапка канчалык кызыксам да мандолин черткенге да жөндөмүм жок экен. Андан кийин мектепте 7-классты бүткөндөн кийин окууга өтөм деп борборго музыкалык орто окуу жайына келдим. Ал жердегилер менин талантымды бир сыйра текшерип көрүшкөндө баары белгилүү болду. Көрсө менин музыкалык угуу жөндөмүм начар  экен. Анан өзүм орус мектепте ырдап өздүк-көркөм чыгармачылык ийримине катышып жүрдүм. Ошол учурда биздин Саруу айылында Токсобаев деген башкарма болгон. Бул башкарма ошол 60-жылдары айылыбызга  биринчи жолу заңгыраган эки кабаттуу маданият үйүн салдырган. Эми андай маданият үйү Ысык-Көл облусу боюнча башка аймактарда жок болчу.Ошентип мен 9-класста окуп жүргөн кезимде биздин айылда өздүк-көркөм чыгармачылык аябай өнүккөн болчу. Кыдыралы деген абабыз маданият үйүнүн башчысы эле. Ал киши өзү аккордеон чертчү. Музыка коюп берсе  бийлечү элек. Биз  маданият үйүнө алгачкы жолу «Көкүл» деген спектаклди койгон элек.  Башка айылдарга да барып концерт койчубуз. Чыгармачылыктан тышкары спортко да жакын болгондуктан балдар менен баскет бол ойночумун. Мектепти бүткөндөн кийин борборго келип жогорку окуу жайдын экономика факультетине тапшырдым. Окууга көңүл кош тандап алган кесибим жакпай  жүрүп 2-курстан кышкы сессияны тапшыргандан кийин,  жазында апрель айында көчөдө келатып Москвадагы театралдык институттун жарнамасын көрүп калдым. Башынан эле кыйналып жүргөндүктөн окуумду бүтөрүмө эки жыл калганына карабай театралдык институтка окууга тапшырып өтүп кеттим. Ошондо ата-энем каршы болушкан эмес... 

“Борис Владимировичтин адамгерчилик сапаттары бийик эле...”

—Москвада окуп жүргөн кезимде мыкты мугалимдерге туш болдум. Чындыгында 1-курстан талантым көп ачыла албай кыйналып жүрдүм. А бирок гуманитардык сабактардан жакшы окуп, бул жактан барган 24 студентке староста элем. Анан актёрдук чеберчиликке байланыштуу сабакты бир аз өздөштүрүп жүрүп акыры 2-курсту да бүттүм. Негизи эле биз окуган институттун базасы абдан күчтүү болчу. Ал кезде биз окуган  СССРдин Эл артисти Иосиф Раевский деген мугалим  актёрлук чеберчилик боюнча биздин курстун жетекчиси болчу. Студенттерди бөлүштүргөндө мен 3-курстан Борис Бибиковдун классынан сабак алдым. Бул киши СССРдин Эл артисттерин окуткан  күчтүү мугалим эле. Борис Владимирович бизге чейин таджиктердин 3 курсун бүтүргөн экен. Институттан тышкары үйүнө чакырчу эле. Үйүндө миңден ашуун китептер бар эле. Ачыгын айтсам мага көп китептерди окутуп интеллектуалдык деңгээлимдин жогорулашына чоң салым кошкон. Борис Владимировичтин адамгерчилик сапаттары да бийик эле. Эми бул кишиден башка мугалимдериме да ыраазымын. Алардын арасынан ошол учурдагы эң жаш мугалимибиз Леонид Топчиев  учурда  87ге чыкты. Москвада жашайт. Бул мугалимим экөөбүз бүгүнкү күндө телефон аркылуу ал-жайыбызды сурашып турабыз. А менин чыгармачылыгымдын калыптанышына себепкер болгон учурум  Москвада окуган жылдарым болуп эсептелет. Себеби ал жактан чыгармачылык жактан фундаментим бекем түптөлгөндүктөн бүгүнкүдөй деңгээлге жетип отурам. 

“Искендер Рыскуловго жолукканым үчүн Кудайга ыраазымын!”

—СССРдин учурунда студенттерди окуу бүткөндөн кийин ишке орноштуруу үчүн пландап койчу эле. Мисалы, ал учурда  Ош облусу Кыргызстандын жарымын түзчү. Жалал-Абад менен Баткен облусу анда жок болчу. Биз окууну бүткөн кезде Ош облусунда Кыргыз драма театры жок экен. Ошто Киров атындагы Өзбек музыкалуу драма театры бар болчу. Ал кездеги партиянын Ош облустук комитетинин 1-секретары Султан Раев менен бирге Маданият министри Күлүйпа Кондучалованын демилгеси менен Ошто Кыргыз драма театры ачылгандыгын баса белгилеп кетмекчимин. Биз окууну 1972-жылы бүткөндөн кийин Жалал-Абад шаарындагы маданият үйүндө иштедик.  1975-жылы Ошто театр курулуп бүттү. Биздин курс күчтүү болгондуктан дипломдук иш катары 6 спектакль койгон элек. Ошонун баары Оштогу театрдын репертуарына кирди. Ошто иштеп жүргөнүмдө СССРдин Эл артисти Муратбек Рыскуловдун уулу Искендер Рыскуловго жолукканым үчүн Кудайга ыраазымын. Анткени ал кишиге жолукканга чейин “менден күчтүү артист чыкпай деле болуш керек” деп көп ойлонуп өзүмө анча ишенбей жүрчүмүн. Бул режиссёр мени жакшы көрүп калдыбы, же мага ишендиби, айтор чоң ролдорду бере баштады. Ошто 6 жылдан иштегенден кийин 31 жашымда Кыргыз ССРинин Эл артисти болдум. Ал кезде бул наамга ээ болуу азыркы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамынан да жогору болчу. Искендер Рыскулов  “Ак кемени” койгондо 27 жашымда Момун чалдын образын жараттым. Бул спектакль менен Ошто жаңы театрдын сезонун ачтык. Дегеле менин чыгармачыл инсан катары калыптанган учурум Ош драма театрында болду. Бул театрда 13 жыл иштеген соң кыргыз элине Марат Алышпаев деген ат менен таанылдым. Оштогу театрда иштеп жүргөн кездеги досторум менен азыркы кезде да катышам. Оштук мекендештериме болсо урмат-сый менен мамиле жасайм. Ошто иштеп жүргөн күндөрүм азыр да түшүмө кирет. Геннадий Базаров менен иштешип калганыма сыймыктанамын 

—Сахнада роль жаратыш аябай түйшүктүү иш болуп эсептелет. Себеби пьесанын сценарийин алганда аябай талдап чыгасың. Эми азыркы кезде  биздин учурдагыдай режиссёрлор иштебей калды.  Спектаклди сахналаштырганда режиссёрдун эмгеги зор болот. Эгер спектаклге режиссёр актёрду туура тандап иштесе анда ошол спектакль мыкты чыгат. Азыркы кезде “мен ушул артистти тарбиялап чыгардым” деген режиссёрлор жок. Кыргыздын белгилүү режиссёру Искендер Рыскулов көптөгөн артисттерди тарбиялап чыгарган эле. Ошон үчүн биз Рыскуловдун артисттери экенибизге сыймыктанабыз. Анан сахнада каармандын образын мыкты чагылдырып алгандан кийин кадимкидей ырахат аласың. Эгерде кайсы бир учурда ролду ойноп жатып жаңылыштык кетирип алсаң өкүнүп каласың. Ал эми кинодо роль аткаруу бир аз жеңилирээк. А бирок кинодо каармандын образын турмуштагыдай жаратышың керек. Кинодо мен режиссёр Геннадий Базаров менен иштешип калганыма сыймыктанамын. “Токтот театрыңды... Турмуштагыдай ойно!”- деп айтып кинодо актёрлук чеберчилигимди арттырган ушул киши болчу. Экөөбүздүн жылдызыбыз эмнегедир келишип калды окшойт. Ошон үчүн мен бул режиссёрдун көптөгөн кинолоруна тартылдым. 

Булак: Нурислам КАБАКБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости