www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия президенти Владимир Путин Кыргызстандын мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев менен Кремлде жолукканын ырастап, ортодо эмне кеп болгонун журналисттерге айтып берди. Бул маалымат тууралуу РИА Новости кабарлады. 

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев баштаган делегация Москва шаарына 24-июль күнү ЖККУнун Канттагы авиабазасынан Москвага учуп кеткен. 

Путиндин айтымында, ал Атамбаев менен аймактагы абалды талкуулаган.

“Учурдагы жана мурдагы кесиптештерим менен баарлашууга дайым даярмын. Алмазбек Шаршенович менен аймактагы кырдаалды сүйлөштүк. Менин позициям белгилүү, ага дагы айттым. Кыргызстан башынан бир топ нерсе өткөрдү. Эми кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн ушуну менен токтоо керек”, — деди Путин.

Орус президенти кыргызстандыктар азыркы бийликтин айланасына чогулуп, өлкөнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшү керектигин кошумчалады.

“Өлкөгө саясий стабилдүүлүк керек. Эл азыркы президент Сооронбай Жээнбековго өлкөнүн өнүгүүсү үчүн жардам бериши керек”, — деди Путин.

Ал Россия Кыргызстан менен кызматташуу жаатындагы бардык пландарды иш жүзүнө ашырууга кызыкдар экенин айтты.

“Чогуу жасай турган иштерибиз көп. Азыркы бийлик менен алардын баарын ишке ашырабыз деп ишенем”, — деди президент.

Бул сапар анын экс-президенттик макамынан ажыраган, бир нече кылмыштарга шектелип, тергөөнүн күбө катары чакырыктарынан баш тарткан учурга туш келип отурат. Атамбаев бир нече жолу Орусиядагы жакын санаалаштарынын чакыруусун азыр кабыл алууга туура келгенин, кайра  25-июлда аяктап, кечинде кайра эле Канттагы авиабазага келип конорун айткан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости