www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов УКМКда сурак берүүдө. Бул тууралуу айрым маалымат булактары өздүк булактарына таянып жазып чыгышты.
Алардын айтымында, бүгүн, 26-мартта УКМКнын тергөө бөлүмү депутат Марат Аманкуловду "мыйзамсыз баюу" фактысы боюнча суракка чакырган.
Белгилей кетсек, буга чейин УКМК Жогорку Кеңештин депутаты мыйзамсыз байыганын маалымдаган. Анда аталган депутатка соода жана көңүл ачуу комплекси, Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан 14 жер тилкеси, 3 кеңсе жана 4 турак жай, 5 батир, "Каприз" борборундагы коттедж, 3 хан сарай, ошондой эле жогорку өкүлдүк класстагы 5 аткаруучу унаа таандык экени айтылат.
Бул активдердин жалпы орточо базар баасы 1 миллиард 500 миллион сомдон ашык болгонун кабарлаган.
Булак: NazarNews.kg