www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз өлкөсүнүн аймагына мыйзамсыз ташылып келген жалпы наркы 574 миң 200 сомдук товар алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бажы кызматкерлери Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Арка айылында Mersedes-Benz Спринтер үлгүсүндөгү транспорт каражатын токтотуп текшеришкен.
"Аталган жүк ташуучу транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшергенде, Тажикстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 52 миң 200 даана тоок жумурткасы табылган.
Кармалган товарлардын жалпы наркы 574 миң 200 сомду түзөт. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилген", - деп билдиришти бажы кызматынан.
Булак: NazarNews.kg