www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Джо Байден Кытайдын Америка Кошмо Штаттарын дүйнөдөгү эң кубаттуу мамлекет катары алмаштырышына жол бербөөгө убада берди жана Кытайды соода сыяктуу маселелерде эл аралык эрежелерге ылайык иш-аракет кылууга түртүү үчүн далаалатын уланта берээрин билдирди.

Байден мырза 25-мартта алгачкы жолку жалгыз өзү чыккан маалымат жыйынында сүйлөп, Кытайдын максаты – дүйнөдөгү теңдешсиз болгон мамлекетке айлануу экендигин айтты, бирок мындай жагдай «менин саатымда көзгө эч көрүнбөйт, анткени Америка Кошмо Штаттары мындан ары дагы өнүгүүсүн уланта берет», – деп билдирди.

Байден, ошондой эле, Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзинпинди Орусиянын президенти Владимир Путинге салыштырып, экөө тең автократия – «келечектин толкуну, (ал эми) демократия – улам татаалдаша берген дүйнөдө майнапсыз» деп эсептешет деген жоромолун айтты.

Бирок, Америка Кошмо Штаттары Кытай Эл Республикасы менен тирешүүнү көздөбөйт, деди ал. Байдендин пикиринде, АКШ өз өнөктөштөрү менен биргеликте Бээжиндин Гонконгдогу демократиялык жүрүмдөрдөн артка чегиниши, уйгурлар сыяктуу этностук азчылыктарга ырайымсыз мамилеси жана аскердик күч-кубатын арттырып жаткандыгы үчүн Кытайды жоопко тартууга аракет кылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости