www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай АКШны «жалган маалымат таратты» деп айыптоодо

Кытай британиялык бир нече уюм жана жарандарга санкция жарыялады. Расмий Бээжин аларды Шинжаңдагы уйгурлар баштаган түпкүлүктүү улуттарга карата Кытайдын саясатын каралап, «жалган маалымат таратты» деп айыптоодо.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги 26-мартта жарыялаган маалыматта британиялык төрт уюм жана тогуз жаранга санкция салынганы айтылат. Алардын арасында британ парламентинин мүчөлөрү да бар. Санкцияга туш болгондор жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү Кытайга кире албайт, мүлктөрү камакка алынат. Ал эми Кытайдын жарандары алар менен биргеликте иш жүргүзө албайт.

Расмий Бээжин мындай кадамга АКШ, Британия, Евробиримдик жана Канаданын санкцияларына жооп иретинде барды. Аталган өлкөлөр Кытайдын Шиңжандагы мусулман коомчулугунун өкүлдөрүнө карата саясатын сынга алып, чектөөлөрдү киргизген.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, кеминде бир миллионго чукул мусулмандар - алардын басымдуу көпчүлүгү уйгурлар - Шиңжандагы «тарбиялоочу борборлордо» кармалып турат. Кытай бул дооматтарды четке кагып, ал жайларды "ислам радикализмине каршы турууга багытталган билим мекемелери» катары сыпаттап келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости