www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди кабыл алып, чек ара меселесин талкуулады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ташиев 24-25-март күндөрү Ташкент шаарында өткөн кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат берген.

"Анын берген маалыматы боюнча, эки мамлекеттин башчыларынын макулдашууларын ишке ашыруунун алкагында тараптар жыйынтыктоочу протоколго кол коюшту. Ага ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелери боюнча бардык маселелер аймактарды алмашуу принциби менен тактоо жол-жобосунан өттү. Тараптар "Кемпир-Абад суу сактагычы", "Шарихансай каналы", "Гавасай", "Көк-Серек", "Баястан", "Ак-Таш", "Үңкүр-Тоо", "Кара-Белес" тилкелерин тактоодон өткөрүүнү макулдашканы белгиленди", — деп айтылган маалыматта.

Эки мамлекет 1-апрелден тартып адамдардын, жеңил автоунаалардын жана кичи автобустардын (20 орунга чейин) өтүүсү үчүн "Кайтпас", "Өтүкчү" өткөрүү пунктуларын ачуу боюнча макулдашкан.

Өзбекстан аркылуу "Кара-Суу", "Бек-Абад", "Ынтымак", "Кенсай" жана "Сейдикум" өткөрүү пунктуларын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү жөнүндө макулдашууга жетишкен.

Кийин даярдыгына жараша бул өткөрүү пунктулары ачылары, ошол эле учурда, бардык такталган тилкелер боюнча жеринде биргелешкен изилдөөлөр, ошондой эле эки тараптуу кеңешүүлөр жүргүзүлөрү айтылган.

Маалымат кызматы аталган иш боюнча процедураны түшүндүргөн. Анда аталган документ Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен макулдашуу жол-жобосунан өтөрүн, андан кийин мамлекеттер аралык келишимге кол коюлары жана Жогорку Кеңеште ратификацияланышы керектиги белгиленген.

"Ташиев ошону менен кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында талаштуу тилкелер болбойт деп жыйынтыктады. Президент Жапаров бул кадам кыргыз-өзбек эки тараптуу мамилелеринде тарыхый мааниге ээ экенин жана буга чейин орун алып келген айрым чек ара чыр-чатактарына чекит коюла турганын канааттануу менен белгиледи", — деп билдирди маалымат кызматы.

Бул эки элдин ортосундагы "достукту жана ынак коңшулукту, анын ичинде чек ара аймактарындагы эки мамлекеттин жашоочуларынын ортосундагы мамилени чыңдай турганына ишенимин" билдирген.

Жапаров бул багытта башка коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү активдештирүү зарылдыгын белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости